Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

“Троллейбустар баардык адамдар үчүн” деп аталган акция өтөт


Ушул дем алыш күндөргө белгиленген иш-чараны мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомчулугу Эл аралык кызматташтык боюнча жапон агенттигинин (JICA) ыктырчылары менен бирге өткөрүп жатат. “Назик кыз” коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, акциянын максаты - коомчулукка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу көбүрөк маалымат берүү, автобус жана троллейбустун жүргүнчүлөрүн майып адамдарга жардам берүүгө үйрөтүү, коомдук унаалардын айдоочуларын көңүлкош болбоога чакыруу, жаңы троллейбустар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу экенин көрсөтүү болуп саналат. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны жүз жыйырма миңден ашат. (EBM)

XS
SM
MD
LG