Өлкөнүн тышкы иштер министри Хорке Тайна БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мундан Фолкленд аралдары айланасындагы кырдаалды жөнгө салууда жардам көргөзүүнү суранды. Буэнос –Айрес Антлантика океанынын түштүгүндөгү бул аралдарда Британия өткөн аптадан тарта мунай бургулай башташына каршы чыгууда. Британия болсо жүргүзүлүп жаткан иштер эл аралык укукту бузбайт деп эсептейт. Фолкленд – эки өлкө ортосунда талашка түшүп келе жаткан аймак. 1982-жылы аралдардын айынан Британия менен Аргентина согушуп, ал британ тараптын жеңиши менен аяктаган.