Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Австралия Израилге Дубайдагы өлтүрүүгө байланыштуу эскертүү жасады


Анткени Дубайдагы кымбат мейманканалардын биринде палестиндердин Хамас уюмунун колбашчысы Махмуд ал-Мабхухту өлтүргөн деп шектелип жаткан 15 адамдын үчөөсүндө Австралиянын паспорттору болгон. Дубай полициясынын болжолунда, Хамастын колбашчысы өлтүрүүнү Израилдин атайын кызматы – Моссаддын агенттери ишке ашырган. Австралия бул окуянын учурунда алардын паспорттору колдонгондугуна байланыштуу нааразылыгын Израилдин элчисине тапшырды. Премьер- министр Кевин Руддун айтымында, анын өлкөсү бул маселе боюнча “унчукпай калбайт”. Мурдараак өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендердин 11и Европа өлкөлөрүнүн жасалма паспортторун колдонгонуна байланыштуу кыжырдануусун Израилге Евробиримдик да айткан. Хамастын кол башчысы Дубайда 20-январь күнү жок кылынган.

XS
SM
MD
LG