Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Түркияда бүгүн жарандык жана аскерий жетекчилер сүйлөшүү өткөрөт


Президент Абдулла Гүл бүгүн премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган жана армия Генштабынын башчысы Илкер Башбуг менен кездешкени жатат. Мындай жолугушуу түрк армиясы кызматтагы жана отставкадагы ондогон жогорку даражалуу офицерлер камалгандан кийинки кырдаалды “өтө олуттуу” деп мүнөздөгөндөн кийин өтүүдө. Ушул дүйшөмбү күнү коопсуздук күчтөрү армиянын 2003-жылы бийликтеги өкмөттү төңкөрүүнү көздөгөн деп шектелген 50дөй адамын, анын ичинде аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүнүн мурдагы командачыларын камаган эле. Кечээ камалгандардын 12сине расмий айып коюлду. Бул окуя боюнча жүрүп жаткан тергөө Түркиянын армия колдогон секулярдык күчтөрү менен түбү исламчыл кыймылдан чыккан, азыр бийликте турган “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы ортосундагы тирешти күчөттү.

XS
SM
MD
LG