Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

АКШ жана Орусия лидерлери өзөктүк курал келишими боюнча ишти тездетүүгө чакырышты


Кремль тараткан билдирүүгө караганда, президенттер Дмитрий Медведев менен Барак Обама кечээ телефондон сүйлөштү. Анын жүрүшүндө эки лидер өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди даярдап жаткан топторуна ишти тездетүүнү тапшырууну макулдашкан.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен шейшемби күнкү телефон сүйлөшүүсүндө Москваны макулдашууга бир нече апта ичинде жетишүүгө үндөгөн. Орусия менен АКШнын жаңы келишими өзөктүк куралды кыскартуу боюнча мөөнөтү былтыр декабрда бүткөн келишимди алмаштыруусу керек.

Эки өлкө президенттери былтыр июлда Москвада жолуккан кезинде колдогу өзөктүк дүрмөттөрдүн санын 1500дөн 1675ке чейин кыскартууну макулдашкан.

XS
SM
MD
LG