Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исманов журналист Алмаз Ташиевди өлтүргөн делип шектелген Исанов айыл округунун мурдагы аймактык инспектору Шүкүрбек Нурматов жана Жаңы-Базар милиция бөлүмүнүн мурдагы нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулуна “Кызматынан аша чапкан” деп айып тагып, беш жылга шарттуу түрдө эки жылдык сынак мөөнөт менен кескен өкүмүн угузду. Судья бул иш боюнча дагы 3 милиция кызматкери айыпталып, алардын иши өндүрүштөн ажыратылып прокуратура органдарына берилгенин маалымдады.
Алмаз Ташиевдин туугандары болсо журналисттин өлүмүнө 14 милиция кызматкеринин тешеси бар экендигин, аларды дагы жазага тартуу керектигин айтышууда. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз билдирди.
33 жаштагы журналист Алмаз Ташиев 2009-жылы 4-июлда милиция кызматкерлери тарабынан катуу сабалып, эртеси күнү Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген. 10-июлда Ош облустук ооруканасында эсине келбей жатып көз жумган. (AJ)