Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

К.Бакиев: Кыргыз автономиялуу облусу - эгемендигибиздин башаты


«Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн өзү республикалардын саясий, экономикалык жана укуктук статусун түп-тамырынан өзгөрттү. 1924-жылы тынчтык жол менен колубузга тийген алгачкы мамлекеттүүлүк кийинки Кыргыз Республикасынын толук эгемендигинин саясый-укуктук негизи болуп калган. Дал ошондуктан мындан 85 жыл мурда биринчи кыргыз автономиясынын түзүлгөндүгүнүн мааниси биз үчүн терең», - деди президент Курманбек Бакиев 25-февралда Улуттук филармонияда өткөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш учурунда сүйлөгөн сөзүндө.

Салтанаттуу жыйындын расмий бөлүгүнүн башталышынын алдында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралуу жана калыптануу тарыхы туурасында даректүү фильм көрсөтүлдү.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жаралышына, жалпы эле Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхына басым жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG