Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Москвада Кыргызстандын жараны киши колдуу болду


24-февралда Москва шаарында өзү жашаган батиринен 1975-жылы туулган Кара-Кулжа районунда туулган, Ак-Кыя айылынын тургуну, Кыргызстандын жараны Азимбай уулу Урмат киши колдуу мерт болгон. Аны өлтүргөн адам 1973-жылы Таш-Көмүр шаарында туулган Дайырбек Кузебаев экени аныкталган. Бул маалыматты “Азыттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигин юристи Алмаз Абдысияев тастыктады. Анын айтымында, 24-февраль күнү түнкү саат бирлер чамасында эки кыргызстандык жигит мушташып кетип, бири-бирин бычакташкан. Азимбай уулу Урмат көкүрөгүнө жеген бычактан кан көп кетип каза тапкан. Юрист А.Абдысияевдин айтымында, кылмышкерге 105-берене боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, каза болгон Азимбай уулу Урмат эжеси жана карындашы болуп, Москвада дүкөндө иштешкен. Орусияга келгенине эки жылдай болгон. Анын сөөгү эртең мекенине жөнөтүлөт. Ага Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги көмөк көрсөтүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG