Түркиянын соту даражасы улук жыйырмадай офицерди 2003-жылы өкмөттү төңкөрүүгө аракет кылган, деп айыптады. Алардын ичинде беш адмирал жана эки генерал бар. Ушу аптада аскерий кутум уюштурмак болгон деп шектелип, отсавкадагы 50 чакты даражалуу аскер офицерлери кармалган эле.
Түркия президенти Абдулла Гүл жагдайды талкуулоо үчүн Армиянын штаб башчысы Илкер Басбуг жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.