Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

А.Турдубаева 16 жылга эркинен ажыратылды


Бүгүн Свердлов райондук соту "Азия-Курулуш" компаниясынын башкы директору Адина Турдубаеваны 16 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. А.Турдубаева өзү жетектеген курулуш компаниясы аркылуу 119 адамга көп кабаттуу үйдөн батир берем деп акчаларын алып, убадасына турбагандыгынан улам жабыр тарткан адамдар анын үстүнөн укук коргоо органдарына доо арыз жолдошкон. Доогерлер 115 миллион 309 миң сомго жабыр тартышкан. Ага райсот Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси боюнча (Алдамчылык) айып койду. А.Турдубаева апелляциялык арыз менен Бишкек шардык сотко кайрыларын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG