Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Тигүү жана текстиль тармагын өнүктүрүү стратегиясы ишке кирди


Бул тууралуу 25-февралда Техникалык кызматташтык боюнча германиялык коомчулуктун өкүлү Жылдыз Алымбаева билдирди. Анын айтымында, стратегиянын долбоору Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок долбоор ээлери агенттиктин колдоосун күтпөй эле аны ишке ашырууга киришти. Жылдыз Алымбаева бул стратегия эң оболу Кыргызстандагы тигүү ишканалардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, продукцияны Казакстан жана Орусиянын базарларында ийгиликтүү сатканга жардам берерин маалымдады. Адистердин айтымында Кыргызстанда тигилген кийим-кече, буюм-тайымдардын дээрлик токсон пайызы экспортко жөнөтүлөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG