Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Ливия лидери Швейцарияга каршы жихад жарыялоого чакырды


Муамар Каддафинин билдиргенине караганда, мусулмандар Швейцарияга каршы жихадды өлкө мечиттерде минарет орнотууга тыюу салганынан улам жарыялашы керек. Ливия лидери ага катар мусулмандарды швейцариялык өндүрүштөгү товарларды сатып албоого, анын учактары менен кемелерин мусулман өлкөлөрүнүн аба жана деңиз бекеттерине киргизбөөгө үндөдү. Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ливия лидеринин билдирүүсүн комментарийлөөдөн баш тартты. Мечиттерде минарет орнотулушуна тыюу салуу боюнча демилге Швейцарияда, былтыр ноябрда өткөн жалпы элдик референдумда колдоо тапкан. Швейцариянын өзүндөгү жана четтеги мусулман уюмдары ал референдумду “исламга каршы” иш –чара катары айыпташса, ишкер чөйрөлөр мындай чечимден мусулман дүйнөсү менен мамилеге доо кетээрин эскертишкен.

XS
SM
MD
LG