Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Пахта менен тамеки айдоо көбөйтүлөт


Айыл чарба министринин маалыматы боюнча быйыл былтыркыдан 7,1 миң гектарга көп аянтка пахта айдоо максатталууда. Буга өткөн жылы чийки пахтанын баасы 18 сомдон бааланып, күзүндө баа 24 сомго чейин көтөрүлгөнү себеп кылынууда. Өкмөт ошондой эле тамекинин да аянтын көбөйтүүгө аракет кылып жатат. Айыл чарба министри И. Айдаралиев кант кызылчасынын аянты да быйыл кеңейтилип, мурдагы жылдарга караганда бир топ көп себүү дыйкандарга сунушталып жатканын билдирди. Анын айтуусунда кант кызылчасы дүйнөдө аз айдалып жатканына байланыштуу быйыл канттын баасы кымбаттады. Бул жергиликтүү дыйкандарга өндүргөн түшүмүн жакшы баада сатууга шарт түзүп бере алат дейт министр.(ZKo)

XS
SM
MD
LG