Айыл чарба министринин докладын депутаттар укпай, көңүл бөлбөй жаткандыгын “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Аскарбек Шадиев белгилеп, төрагадан тартипти кармоосун өтүндү. Спикер З. Курманов кесиптештерине өкмөттүк саат чакырууну өздөрү талап кылганын эскертип, маалыматка көңүл буруу менен мамиле кылуусун талап кылды.(ZKo)