Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Парламенттер аралык ассамблеянын башчысы Бишкекке келет


КМШдагы парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысы Михаил Кротов баштаган делегация Бишкекке 27-февралда келет. Анын курамында ассамблеянын КМШ иштери боюнча Федерация кеңеши комитетинин төрагасы А. Молчанов жана КМШ иштери боюнча комитеттин аппарат башчысы Е. Чайковский бар. Делегация иш сапары учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов менен жолугушат. Тараптар парламенттер аралык кызматташуу жана ассамблеядагы өнөктөштүктүн келечеги тууралуу талкуулашат. Бул тууралуу кыргыз парламентинин басма сөз кызматынан кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG