Тышкы иштер министри болуп турган учурда кытай грантын туура эмес пайдаланган жана түрк ишкерин өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып жаткан мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго карата соттун чечим чыгарары күтүлүүдө.
Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы А. Жекшенкулов өткөн жылы 9-мартта камакка алынган. Бир нече ай Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жатып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Анын айыпталышына байланыштуу соттук териштирүү август айынан бери жүрүп келе жатат. А. Жекшенкуловдун үстүнөн кылмыш иши ал оппозициялык ишмердигин баштагандан кийин козголгон.(ZKo)