Полиция анын үйүнөн гашиш тапканын билдирди. Ырчы өз үйүндө кармалганбы же башка жайдабы – азырынча тактала элек. Таркан менен кошо бул операцияда тогуз адам кармалганы айтылды. Таркан акыркы 10 жылдан ашуун мезгилден бери Түркияда жана Европада атагы чыккан ырчы катары белгилүү.