Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда мамлекеттик айыптоочулар оппозиция лидери, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду 4 жылга шарттуу кесүүнү сунушташты. Маалым болгондой, Аликбек Жекшенкулов министр кезинде Кытай грантын пайдаланууда кемчилик кетирген, сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп айыпталууда. Бүгүнкү сотук отурумда айыптоочулар Жекшенкуловдун ишинде түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген айыпты далили жоктугунан алып салууну сунушташты. Оппозиционерге Кылмыш кодексинин 305- жана 241-беренелери боюнча айып коюлууда.
Аликбек Жекшенкулов өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып, оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн куугунтукка алынып жатканын билдирип келет. Сот иши 1-мартта улантылат. (EK)