Тарых илимдеринин доктору, профессор Аблабек Асанкановдун “Кытай кыргыздары А. Асанкановдун объектисинде” деген аталыштагы ошол жакта жашаган кыргыздардын салт-саанасын, жашоо-турмушун чагылдырган көргөзмөсү Мамлекеттик тарых музейинде ачылды. Көргөзмөдө үч миңге чукул сүрөт коюлган. Мындан сырткары А. Асанканов ЮНЕСКО, Кытай жана Франция уюмдарынын каржылык көмөгү менен ошол жакта жашаган кыргыздар тууралуу жети даректүү тасма тартып, китеп чыгарган. “Мисалы тарбагатайлык кыргыздар тууралуу биздин коомчулук билчү эмес. Алардын кандайча буддизм, ламаист болуп, ал жакка кандай барып калганы тууралуу изилдедик. Лобнордук, памирлик, хатандык, каргалык кыргыздар жөнүндө көп маалымат чогулттук, тактадык”, - дейт А. Асанканов. Профессор келечекте афгандык, түркиялык, өзбекстандык кыргыздардын жашоо-шартын да иликтөөнү пландап жатат. (КЕ)