Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Иран ТИМи Кыргызстандан расмий кечирим сурады


Бул Кыргызстандык учактын Иранда кармалышы боюнча Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медет Шеримкулов Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Мохаммад Реза Рауф Шейбони менен жолугушуусу учурунда айтылган. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

23-февралда "Кыргызстан" авиакомпаниясына таандык “Дубай - Бишкек” каттамындагы Боинг учагын Иран өз аба майданына мажбурлап кондурган. Тегерандын атайын кызматы суннилердин "Жүндалла" уюумунун лидери деп шектелген Абдулмалик Риги аттуу адам менен дагы бир жүргүнчүнү түшүрүп калышкан. Ушул окуяга байлыныштуу айрым маалымат булактарында жарыяланган кабарлар чындыкка коошпой тургандыгын министрликтен билдиришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG