Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:10

Жайында милдеттүү камсыздандыруу кириши ыктымал


Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги отурумунда сөз болду. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүү боюнча бардык даярдыктарды көрүүгө Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматына 1-июлга чейин убакыт берди. Аталган кызмат бул боюнча өкмөттүн токтом долбоорун даярдоодо.

Эгер жайдан тарта токтом долбоору күчүнө кирип калса, камсыздандыруунун төрт түрү милдеттүү болуп калмакчы. Алар – жумуш берүүчүнүн кызматкерлери алдында жоопкерчилиги, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жоопкерчилиги, кооптуу өндүрүш тармагындагы мекемелердин жоопкерчилиги жана кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жоопкерчилиги боюнча камсыздандыруу түрлөрү. Ошондой эле өкмөт медициналык, авто унааларды, кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу түрлөрүн өнүктүрүү керектигин белгилөөдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG