Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Бүгүнтөн баштап муздак суу үчүн баа көтөрүлөт


20-февралдагы отурумунда Бишкек шаар кеңеши ушундай чечим чыгарган. Жаңы тарифке ылайык шаардыктар 1 метр куб муздак сууга мурдагы 3 сомдун ордуна 4 сом 48 тыйын, суу түтүктөрү үчүн мурдагы 70 тыйындын ордуна 1 сомдон төлөй башташат. Мекемелер болсо муздак суу үчүн 4 сом 50 тыйындын ордуна 6 сом 15 тыйын, суу түтүктөрүнө 1 сом 50 тыйындын ордуна 1 сом 75 тыйын төлөшөт. Айрым бюджеттен каржыланбаган ишканалар жана Бишкек ТЭЦи үчүн баа муздак сууга гана кымбаттап, 1 метр куб суу үчүн азыркы төлөнүп жаткан 7 сомдун ордуна 7 сом 95 тыйындан алына баштайт. (BuS)

XS
SM
MD
LG