Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Канада хоккей боюнча Олимпиада чемпиону болду


Ванкувер Олимпиадасынын конок ээси хоккейдин финалдык мелдешинде коңшу АКШ менен беттешип, аны 3:2 эсебинде утту. Муну менен Канада Ванкувер Олипиадасында он төртүнчү алтын медалга арзыды. Бул - кышкы Олимпиаданын тарыхындагы жаңы рекорд. Буга чейин бир Олимпиадада 13төн алтын медалды кезинде СССР менен Норвегия гана алган.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Роберт Гиббстин билдиргенине караганда, хоккейдин финалдык мелдеши алдында АКШ президенти Барак Обама менен Канаданын премьер-министри Стивен Харпер бир жашик пивого мелдешкен. АКШ президенти эгер канадалыктар утса, Пенсилваниянын “Инглинг” деген пивосунан алып бермек болгон. Канада премьер-министри өз кезегинде, эгер америкалыктар утса, өлкөдөгү эң эски “Молсон” деген пиводон бир жашик бермек. Эки өлкөнүн хоккейчилери азыркы Олимпиаданын баштапкы этабында да жолугуп, анда АКШ 5:3 эсебинде утуп алган.

XS
SM
MD
LG