Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Венада бүгүн МАГАТЭнин жыйыны ачылат


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин Башкаруучулар кеңешинин жыйынында, ушул аптада Ирандын талаштуу өзөктүк программасынын айланасындагы маселелер талкууланган жатат. МАГАТЭнин жаңы башчысы Юкио Амано өткөн айда өз баяндамасын жарыялаган. Анда МАГАТЭ тараптан биринчи ирээт Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү өлкөнүн өзөктүк курал жасоо мүдөөсүнө байланышта болуусу мүмкүн деген кооптонуу айтылган эле. Уюмдун Башкаруучулар кеңеши мындан мурдагы – ноябрдагы жыйынында Иранды уран байытуучу жайын жашырганы үчүн айыптаган резолюция кабыл алган. Кечээ Ирандын жогорку лидери аятоллла Али Хаменеи МАГАТЭни көз карандысыздыгын көргөзө албай жатканы үчүн күнөөлөп, уюмду АКШнын таасирине кирбөөгө чакырды. Иран бийликтери өлкө өзөктүк куралга умтулуп жатат деген ырастоолорду такай төгүндөп келет.

XS
SM
MD
LG