Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Ванкувер оюндары аяктады, Олимпиада желеги Сочиге берилди


XXI кышкы Олимпиаданын жабылыш салтанаты учурунда сүйлөгөн сөзүндө Эл аралык Олимпия комитетинин президенти Жак Рогге уюштуруучулардын эмгегине жогору баа берди. Ал ошондой эле өз сөзүндө Олимпиада ачылар алдында, машыгуу учурунда каза тапкан грузиялык чаначы Нодар Кумариташвилини да эскере кетти. Ванкуверде Олимпиада желегин кийинки оюндардын конок ээси – Орусиянын Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов өткөрүп алды.

Олимпиада жабылар алдында Канада хоккей боюнча финалдык мелдеште АКШны 3:2 эсебинде утуп, 14 – алтын медалына ээ болду. Муну менен конок ээлери кышкы Олимпиаданын тарыхында жаңы рекорд жаратты. Анткени буга чейин жалгыз Олимпиадада эң көп дегенде 13 алтын медалды СССР менен Норвегия гана алган. Ванкуверде ээлеген байгелүү орундарынын саны жагынан Кошмо Штаттар да жаңы рекорд жаратты. Америкалык спортчулар жалпысынан 37 медал жеңип алды. Сан жагынан экинчи орунду 30 медалы менен Германия, үчүнчүнү 26 медалы менен Канада ээледи. Бирок Канаданын алтын медалы АКШдан бешөөгө, Германияныкы бирөөгө көп.

XS
SM
MD
LG