Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Чилиде зилзала курмандыктарынын саны 700дөн ашты


Өлкө президенти Мишел Бачелеттин телекайрылуусунда айтылган маалыматка караганда, ишембидеги зилзаладан каза тапкандар саны 708 адамга жетти жана бул сан дагы көбөйүүсү мүмкүн. Алардын бери дегенде үч жүзү баш калаа Сантягодон 350 чакырымдай аралыкта жайгашкан Конститусон деген кыштактын тургундары. Балык уулоочулар жашаган бул кыштак жер титирөө менен кошо анын артынан келген океан толкуну – цунамиден да жабыр тартты. Күчү 8,8 баллга жеткен зилзаладан өлкөнүн борбордук аймагында жүз миңдеген турак үйлөр талкаланды, кан жолдор бузулду.

Чилинин коргоо министри Франсиско Видалдын кечээ кабарчыларга айтканына караганда, аскер-деңиз күчтөрү цунами тууралуу дароо эскертүү бербей, жаңылыштык кетирген. Чилидеги жер титирөөнүн артынан цунами тууралуу 53 өлкө эскертүү жасаган эле. Бирок Тынч океандын Австралия, Орусия, Жапониянын жээктерине, АКШнын Гавай аралдарына чейин жеткен толкуну анчалык чоң болгон жок.

XS
SM
MD
LG