Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

А. Жекшенкуловдун соту шаршембиге жылды


Буга айыпталуучунун адвокатынын келбей калышы себеп болду. Биринчи май райондук соту бүгүнкү процессте мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго өкүм чыгарышы ыктымал деп болжолдонуп жаткан. Мурунку соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атылып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, аны алып салуу керектигин айтып, Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А. Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. А. Жекшенкулов өзүнө тагылган күнөөлөрдү мойнуна албай, бул иш-аракеттерди саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG