Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Чилиде өлкөнүн экинчи ири шаарына миңдеген жоокерлер киргизилди


Чили учурда 27-февралдагы зилзаланын кесепеттери менен күрөшүүдө. Күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөөнүн очогуна жакын турган Консепсьон шаарына миңдеген жоокерлер талап-тоноочулукту токтотуу максатында жайгаштырылды. Маалыматтарга караганда, мародерлор дүкөндөрдү талап -тоношпостон, өрттөп жиберген учурлар да катталган. Талап-тоноочулукту токтотуу үчүн шаарда комменданттык саат да киргизилди. Өткөн ишембидеги зилзаладан жабыр тарткан шаарларда азыр куткаруу иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата ырасталган маалыматтар боюнча зилзала курмандыктарынын саны 700дөн ашты, бирок бул сан өсүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG