Кыргызстандагы эң узун адам үйлүү болду

1

2
31 жаштагы Жеңишбек Райымбаев - Кыргызстандагы эң узун бойлуу киши.

3
Жеңишбектин боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр.

5
Жеңишбек Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургун болот.

6
Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев Жеңишбек Райымбаевге батирдин ачкычы менен дарылануусу үчүн деп 20 миң сом каражат кошуп берди.

7
Жаңылкан Көбөбекова: "Жеңишбектин апасы болом. 61ге чыктым. Кичинекейинде эл катары эле болчу. Сегизинчи класска барганда эле негедир бою өсүп, мектепке баралбай калды. Бирок ал боюмда бар кезде эле өзгөчө бала экендиги сезилген"

8
Жеңишбекке ылайыктуу кийим-кечекти дүкөндөрдөн издеп табуу кыйын. Тикмечилер арасынан да кайрымдуулар чыгып, Жеңишбек кышын-жайын өзүнө чак кийимдер менен камсыз.