Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Кыргызстанда газдын жаңы баасы такталды


Энергетика министрлиги март айында калк газ үчүн канча төлөй тургандыгын эсептеп чыкты. Ага ылайык, өлкөнүн түндүк райондору бир кубметр газ үчүн 13 сом 70 тыйын, үйүндө эсептегичи жок, ысык суусу бар жер тамдын тургундары киши башына бир айга 136 сом 96 тыйын төлөйт. “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык үйүндө эсептегичи жок көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн бул баа 150 сом 65 тыйынга туура келген. Ал эми республиканын түштүк райондору 1 куб метр көгүлтүр от үчүн 13 сом 8 тыйын төлөйт. “Кыргызгаз” ошондой эле бул баалар доллардын курсуна карап өзгөрүп тураарын билдирген. Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык 2010-жылы 250 миллион кубметр газ алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG