Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды. Маалыматка караганда алардын ден-соолугуна медицина кызматкерлери алдын-ала чара көрүп, туура дарылаганда өмүрлөрү кыйылбайт эле. Ошондой эле 2009-жылы төрөттөн каза болгон 97 эне жана жаңы төрөлгөн балдар аз кандуулуктан жабыр тартышканын айткан дарыгерлер тамак-аштын, витаминдин жетишсиздигинен төрөгөн жана боюнда бар аялдарда аз кандуулук басымдуу экенин белгилешти. Төрөттөн каза болгон бир келиндин салмагы 37 кг. болгон. Жыйында Кыргызстанда кан менен камсыздоо борборлорун жакшыртуу зарылдыгы айтылды.
Былтыр төрөттөн каза болгон 97 эненин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштери аягына чыга электиги, буга тиешеси бар оорукана жетекчилеринин айрымдары ээлеген кызматтарынан четтетилгени маалымдалды. (AJ)
Былтыр төрөттөн каза болгон 97 эненин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштери аягына чыга электиги, буга тиешеси бар оорукана жетекчилеринин айрымдары ээлеген кызматтарынан четтетилгени маалымдалды. (AJ)