Бул тууралуу Нарын шаарынын тургундары бүгүн биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда айтышты. Нарындыктар өкмөт өкүлүнө электр кубатына тарифтерди төмөндөтүү, жөлөк пулду, айлык маяналарды көтөрүү, насыялардын үстөгүн азайтуу, маданият кызматкерлерине көңүл буруу маселелерин коюп, Жетим-Тоо, Аксай, Арпа жайлоолору сатылат деген имиштерге токтолушту. Акылбек Жапаров энергетика тармагынын техникалык жабдыктары эскирип, талапка жооп бере албай калганынан улам электр кубатына тарифтер көтөрүлгөнүн, элдин көйгөйүнө өкмөт көңүл бөлөрүн билдирди. Жетим-Тоону, Аксай, Арпаны сатуу тууралуу маселе жок экенин, “эгерде чынында эле ошондой маселе пайда болсо эл тарапта болоорун” айтты. (AJ)