1-апрелден тартып Бишкекте мектеп окуучулары үчүн маршруттук таксилердин акысы 5 сомго арзандашы ыктымал. Бул туурасында шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Аргынбек Малабаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда ушул маселеде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. А.Малабаев буга көптөгөн кайрылуулар себеп болгондугун билдирди. (КЕ)