Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Чилиде зилзаладан кийинки тополоңду токтотууга аскер жайгаштырылды


Ишемби күнү 8.8 баллдык жер титирөө болгон Чилидеги экинчи ири шаарга миңдеген аскер киргизилди. Тургундар полиция менен кагылышып, дүкөндөрдөн азык-түлүк, кийим-кечекти ташып кетип жаткан Консепсиондо коменданттык саат киризилди. Кечээ полиция 160 кишини камакка алып, бир киши окко учкандыгы кабарланды. Болуп көрбөгөндөй катуу жер титирөөдө жана ал пайда кылган цунамиде 700дөн ашык кишинин көз жумганы такталды, бирок бул сан дагы өсөт деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG