Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Улуттук филармония БЭКке орун берген жок


Элдик курултайды өткөрүү үчүн Улуттук филармониядан же Опера, балет театрынан орун сурап уюштуруу комитети Маданият агенттигине кайрылган. Кечээ уюштуруу комитетинин жыйынында кабарланганга караганда, Улуттук филармония өтүнүчкө макул эместигин Ынтымак курултайына камылгалар жүрүп жаткандыгы менен негиздеген. Буга чейин БЭК Спорт комитетинен Спорт сарайын сурап, канааттандырарлык жооп ала алган эмес. Элдик курултайды уюштуруучулар курултай үчүн жай издөө уланып жаткандыгын билдиришүүдө. БЭК Ынтымак курултайына макул эместердин курултайын 17-мартта өткөрүүнү болжоп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG