Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Карасуу бекети жабылды


1-марттан баштап кыргыз-өзбек чек арасынын Кара-Суу районунун аймагындагы Карасуу бекети жабылды. Кыргызстандын Чек ара кызмат башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун маалыматына караганда, мындай сунуш менен Өзбекстандын чек ара кызматы 15 күн мурда расмий кайрылып, аны Карасуу бекети аркылуу элдин аз өткөндүгү менен байланыштырган. Кайрылуунун негизинде бекет эки тараптуу макулдашууга ылайык жабылды деп билдирди Турусбеков.
Карасуу бекети Фергана өрөөнүндөгү ири базарлардын катарында саналган Кара-Суу базарына чукул жайгашкан. Бул бекеттин жабылгандыгына байланыштуу чегаралаш эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары бири-бирине эми Достук бекети аркылуу гана каттай алышат. Жергиликтүү тургундар эки бекеттин аралыгы 80 чакырымга жакын экендигин белгилешүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG