Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Канада Иранга санкция киргизилишине жетишүүнү көздөйт


Чоң сегиздин быйылкы төрагасы Канада ири өлкөлөрдүн бул бирикмесиндеги төрагалыгы учурундагы таасирин Иранга каршы санкция киргизилиши үчүн колдонору тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Канаданын тышкы иштер министри Лоуренс Кэннон бул маселени Чоң сегиздин тобуна кирген мамлекеттердеги кесиптештери менен ушул айдын соңундагы жыйында талкуулайт.

Иран эл аралык коомчулуктун уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талабын орундатуудан баш тартканы үчүн АКШ азыр ага каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча аракеттердин башында турууда. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңеши бул маселени үстүндө иштөөнү баштады. Иран тарап Батыш өлкөлөрүнүн өзөктүк курал жасоону көздөйт деген ырастоолорду четке кагуу менен программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG