Чили өкмөтүнүн билдиргенине караганда, алар 27-февралдагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам жеткирүү аракетин күчөтүүдө. Азык-түлүк ташуу үчүн тик учактар менен кемелер пайдаланылып жатат. Ал эми өлкөнүн экинчи ири шаары – Консепсьонго армиянын кошумча күчтөрү жөнөтүлдү. Бул шаарда мародерлор дүкөндөрдү талап-тоноп, бир супермаркетти өрттөп жибергенден кийин коменданттык саат киргизилген эле. Күчү 8,8 баллга жеткен зилзала курмандыктарынын бүгүнкү күнгө карата ырасталган саны 800гө жакындап калды.