Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Бишкекте окуучулар үчүн жол кире төмөндөтүлөт


Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча 1-апрелден тартып 14 жашка чейинки мектеп окуучулары кичи автобустарда 5 сомдон төлөп жүрө башташат. Бул эреже жумуш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин киргизилүүдө. Шаардык транспорт каражаттарында: автобус, троллейбустарда акысыз жүрүү укугу пенсионерлерге, 1-2-3-топтогу жана тубаса майыптарга, ошондой эле 7 жашка чейинки балдарга берилди. Ушул тапта борбор калаадагы муниципалдык транспорттордо жүрүү акысы: автобустарда 6 сом, троллейбустарда 5 сом, менчик кичи автобустарда 8 сом. “Дордой” базарына каттачу айрым кичиавтобустарда жол кире 10 сом, айрымдарында 15 сом турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG