Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

А. Жекшенкулов 9-мартта сотто акыркы сөз сүйлөйт


Бүгүн Биринчи май райондук соту мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун ишин карады. Анда адвокаттар, айыпталуучулар жарыш сөз сүйлөштү. А. Жекшенкуловдун акыркы сөзү көп болгондуктан кийинки сот жараянга, 9-мартка жылды. Ушул күнү сот өкүм чыгарышы ыктымал, деп болжолонуп жатат. Мурдагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. А. Жекшенкулов былтыр 9-мартта Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камакка алынган болчу. Андан кийин үй абагына чыгарылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG