Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Иракта шайлоо алдында дагы жардыруулар болду


Ирактын Бакуба шаарында бир нече жардыруудан ондогон киши мерт кетти. 7-мартка белгиленген парламенттик шайлоо алдында өлкөдө зомбулук күчөдү. Кол салуудан кеминде 16 киши набыт болуп, 40тан ашууну жараланганы кабарланууда. Бирок полиция жабыркагандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн деп ырастоодо. Адегенде полиция бекети жана жергиликтүү өкмөт имараты бутага алынып, тез жардам жарадар болгондорду жеткирип жаткан кезде шаар ооруканасынын кире беришинде дагы бир жардыруу болду. Кол салууну жанкечти ишке ашырганы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG