Греция өкмөтү бюджет тартыштыгын жойууга багытталган чараларды бүгүн жарыялайт деп күтүлүүдө. Премьер-министр Георге Папандреу өлкө “согуш учурундагы абалга” жеткенин айтып, радикалдуу чаралар көрүлбөсө, Греция банкрот болот деп эскертти:
- Өлкө бүгүн туш болгон кырдаал үчүн күнөөлүү болбосок да, жоопкерчиликти өзүбүзгө алууга даярбыз. Биздин чечимдердин саясий баасы кандай болбосун, эл алдындагы милдеттерибизди түшүнүү менен жоопкерчиликтен коркпойбуз.
Жаңы чараларга ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин маяналары кыскартылат, пенсияларды көтөрүү убактылуу токтотулат жана салыктар жогоруламакчы. Өкмөт бюджет тартыштыгын жойуу менен катар 300 миллиард еврого тете карызын азайтууну көздөөдө.