Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Украинада өкмөт ишенимден ажырады


Украин парламенти премьер-министр Юлия Тимошенконун өкмөтүнө ишеним көргөзбөө үчүн добуш берди. Ишеним көргөзбөө демилгесин президент Виктор Януковичтин "Региондор партиясы" көтөргөн. Янукович 7-февраль күнкү президенттик шайлоодо премьерди жеңген. Партия эми 30 күндүн ичинде өкмөт курушу керек. Бул мөөнөт ичинде мунаса табылбаса, Янукович парламентти таркатып, эрте шайлоо жарыялай алат. Тимошенко добуш берүү алдында анын өкмөтү колдоо таппаса, дароо кызматтан кетээрин айткан.

XS
SM
MD
LG