Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Оппозиция жаңы тариф үчүн акы төлөбөөгө чакырууда


Оппозиция кыргызстандыктарды электр кубатына жаңы тарифтер боюнча акы төлөөдөн баш тартууга чакырууда. Мындай кайрылуу Элдик курултайды өткөрүү комитетинин шейшемби күнкү отурумунда кабыл алынды. Бул кайрылууну комитет “Түндүк электр”, “Кыргызтелеком” талап-тоноочулук менен менчиктештирилди, тарифтер негизсиз көтөрүлдү, телефон байланыштарына баалар өстү, эл өлбөстүн күнүн кечирип атат деп негиздеген. Элди өкмөттүн бааны дагы көтөрүлүшүнө жол бербөөгө чакырган. БЭК Элдик курултайдын күн тартибине киргизе турган маселелердин арасында дал ушул мамлекеттик ишканалардын сатылышына жана тарифтердин көтөрүлүшүнө байланышкан маселелер бар экендигин мурда маалымдаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG