Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:11

Иран боюнча камтамачылык күчөөдө


Бул тууралуу америкалык аскерий колбашчылардын бири билдирди. АКШнын куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы адмирал Майк Маллендин айтымында, адаттан тыш камтамачылыктар Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу дымагынан улам күчөөдө. Бирок адмирал Маллен ишара кылгандай, аталган маселе боюнча азыркы этапта кандайдыр бир аскерий аракетке артыкчылык берилген жок.

Бул аралыкта Батыш өлкөлөрү БУУда Иран уран байытууну токтотуудан баш тартканы үчүн ага каршы киргизилүүчү санкциялар боюнча жаңы сунуштарын таратты. Мындай кабарды Рейтер агенттиги маалымдады.

Ал эми Венада, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин жыйынында АКШ менен Евробиримдик Иранды уран байытууну БУУнун көзөмөлүсүз жүргүзүү менен эл аралык эрежелерди бузганы үчүн айыптады.

БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө өлкөлөрдүн бири – Бразилия президенти Луис Инасио Лула да Силва анын өлкөсү Иранды “бурчка такагандын” ордуна, Тегеран менен дагы сүйлөшүүгө артыкчылык берерин билдирди. Лула да Силва жогорудагыдай турумун АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугушуу учурунда ачыктады. Клинтон Бразилияны Иранга каршы санкциялардын төртүнчү айлампасын колдоого ынандыруу үчүн барган эле. АКШ Мамлекеттик катчысы өз кезегинде санкциялар Иранды “жакшы маанай менен сүйлөшүүгө мажбурлай турганын” айткан.

XS
SM
MD
LG