Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Социал-демократтарга эки депутат кошулду


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Карамат Орозова менен Сагынбек Абдрахмановго Жогорку Кеңештин депутаты деген мандат тапшырды. Алар КР шайлоо кодекси жана Жогорку Кеңештин регламентине ылайык мурдагы депутаттар Бакыт Бешимов менен Кубанычбек Кадыровдун ордуна келишти. Б. Бешимов менен К. Кадыров 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кетишкен. Мунун себебин алар өмүрлөрүнүн коопсуздугу менен түшүндүрүп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG