Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Рак оорулуу балдарга дары сатып алган врачтар айыпталууда


Рак оорулуу балдарга дары сатып алган дарыгерлерге каршы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. “Психикалык саламаттык жана коом” уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаеванын журналисттерге билдиргени боюнча врачтар дарыларды балдар онкологиясы боюнча эл аралык протоколго негиздеп, кымбат баадагыларын алышкан. Ал эми тендерде көрсөтүлгөн арзан баадагы дары аталган протоколдун тизмесинде болгон эмес. Анын айтуусунда эл аралык протколдун тизмесине мурда пайдаланылбаган, балдарга залакасы тийүү ыктымалдыгы бар дарылар киргизилбейт. Б. Макенбаеванын маалыматы боюнча рак оорулуу балдарга дары сатып алган врачтарга “мамлекетке 700 миң сом зыян келтирди” деген айып тагылууда. “Эгерде минтип арзанына качырбай, сапаттуусуна көңүл бөлгөн адистерди айыптай берсек, кийинчерээк дары сатып алууга эч ким катышпайт,” дейт Б. Макенбаева.
Башкы прокуратура бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG