Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Кыргызстанда 2010-жылы жаңы 60 лифт ишке кирет


Бул тууралуу “Бишкеклифт” ишканасынын жетекчиси Азат Бекназаров бүгүн маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымында, жаңы лифттер Белорустун «Могилевлифтмаш» өндүрүш ишканасынан 825 миң долларга насыяга алынып жатат. Бул каражат үч жылдын ичинде төлөнүп бүтүшү керек. «Могилевлифтмаш» өзү өндүргөн товары үчүн 18 айга кепилдик берген жана анын эксплуатация мөөнөтү 25 жыл. “Учурда муниципалдык ишкананын балансында 735 лифт бар. Аны колдонгону үчүн дебутордук карызы эки млн. сомду түзөт. Ошондуктан жаңы лифттер үйдүн тургундарынын өздөрүнүн демилгеси менен гана коюлат. Ошондо өздөрү да этият мамиле жасашат”, - дейт А.Бекназаров. (КЕ)

XS
SM
MD
LG