Багдатта жекшембиде парламентке өтчү шайлоо боюнча бүгүн алдын ала добуш берүү башталганда эки жерде жанкечтилер өздөрүн жардырып жиберип, андан кеминде 7 аскер, 5 тургун набыт болду. Шайлоо күнү жакындаган сайын козголоңчулардын чабуулдары дагы күчөйт деп болжошууда.