Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Бүгүн өкмөттүн президиуму чогулат


Бүгүн өкмөттүн президиуму талкуулай турган башкы маселелердин бири электр кубатын маал-маалы менен өчүрүүнү токтотуу маселеси экендиги кабарланууда. Энергетика министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, министрлик электр кубатын маал-маалы менен өчүрүүнү 7-марттан баштап токтотуу тууралуу токтом долбоорун даярдап жатат. Кечээ президент Курманбек Бакиев өчүрүүнү 8-мартка чейин токтотууну өкмөттөн талап кылган. Буга чейин өкмөт бул өнөктүктү 21-мартта токтотууга камданып жаткандыгын билдирген болчу. Электр кубатын үнөмдөө максатында өлкө боюнча маал-маалы менен өчүрүп туруу жыл сайын кыш маалында кайталанып келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG